Малик Аликеев "Арзыкан"
01:52
0,54 Мб
Жүктөлгөн: 16-02-2013
Жанр: Фольклор
Сөзү:Шекербек Шеркуловдуку
Обону:Шекербек Шеркуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.38/5
(8 добуш)
Арзыкан, Алайдан чыккан сулуусуң,
Арзыкан, агарган таңдын нурусуң.
Кызыгып кыздар таккандай,
Кызыл бермет шурусуң.
Айылыбыз бирге болбогон,
Алыскы жериң курусун.

Арзыкан, көңүлүң жумшак жаздайсың,
Арзыкан, пейилиң келгин каздайсың.
Көйкөлүп басып жүргөнүң,
Көлдөгү сүзгөн каздайсың.
Көңүлдөш курбуң мен турсам,
Көңүлсүз кимди наздайсың?

Арзыкан, ак булбул конуп сайраган,
Аралаш кайың тал болсоң.
Аянбай ичип ийгендей,
Аякка куйган бал болсоң.
Алышып ойноп жүрүүгө,
Айылыбыз жакын жар болсоң.

Комментарийлер (2)

04.04.2014. 05:02
 DaniilDiana
ушундай ырлар менен эле кала берет кыргызым...
09.11.2016. 05:30
 Runio
эй унундон сенин секет козумду жумуп алып эзилип термелип алып угасында нукура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо