Лира Райымбекова, Гүлзат Батырканова "Кечирип кой"
03:26
0,98 Мб
Жүктөлгөн: 18-02-2013
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(1 добуш)
Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.

Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.

Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толкуп тең келбедим өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.

Кайырма:

Кабыл албай менин айткан сөзүмдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

10.12.2015. 09:37
 akbala-2014
салам супер инфо Лира Райымбекованын комуз менен ырдаган "Журогум ооруйт дебениз" ырын жуктоп койгулачы.
23.10.2018. 23:46
 Jomi
Эң сонун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо