Мухтар Атаналиев "Ата-энеме кат"
04:33
10,4 Мб
Жүктөлгөн: 19-02-2013
Жанр: Ретро
Сөзү:М.Атаналиевдики
Обону:М.Атаналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Кадимки айыл кечи, үйлөтүп отту күйгүзүп,
Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип.
"Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн" деп,
Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйгүзүп.

Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Эл-журтум аман жатабы?
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Саргайып күткөн балаңды.

Кадимки айыл таңы, күн чыкпай күндө турасың,
"Балдарга бак берсин" деп Кудайдан миң жолу сурадың,
Ата бир болуп калсам да, "уулум" деп баштан сылайсың,
Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым.

Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Алыста жүргөн балаңды.

Кадимки айыл чети, ойлонуп мен да турамын,
Бирине бириң жөлөк аксакал болгон убагың.
Жашымда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү,
Атакем, алтын апакем, Кудайдан ошол сурарым.

Комментарийлер (1)

21.10.2015. 17:22
 bema19.86
Абдан сонун ыр канча убакыт отсо дагы актуалдылыгын жоготпой эл суйгон ырлардын бири болуп келе жатат.Муктар байкебиз дагы сахнага кайтып келсе дагы коптогон биз суйгон ырлар жаралмак ийгилик сизге аман болунуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо