Айнура Салахидинова, Санжар Бердибеков "Делбирим"
03:13
3,38 Мб
Жүктөлгөн: 20-02-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Тат десең ууну татайын,
Дартымды ичке катайын.
Ашыгын күткөн жолугуп,
Ай болуп , ай болуп тоодон батайын.

Уурттасаң балды уурттайын,
Ууртуңдан сүйүп жыттайын.
Жан азык кылып күлкүңдү,
Жаныңдан, жаныңдан алыс чыкпайын.

Дем берген ичтен жашыруун,
Делбирим сага баш урдум.
Өзүңдөн таптым байланып,
Өмүрдүн, өмүрдүн алтын казыгын.

Гүлдөрдүн барктуу гүл барын,
Күндөрдүн барктуу гүлдөрүн.
Көзүмдөн кайра окудуң,
Көңүлдүн, көңүлдүн мендик сырларын.

Комментарийлер (4)

07.04.2013. 18:37
 4aidai
Kim menen yrdagan? Ukkuluktuu yr eken.
17.09.2013. 10:52
 admin_media
djkaro,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Азырынча эскертүү!
07.05.2014. 16:36
 step_by_step
Бул ырдын обону обончу Апаз Жайнаковко таандык,азаматсынар аябай уккулуктуу болуптур.
18.12.2016. 05:15
 etaj_rus79
Админ Бек Борбиевдин Гулум ай деген ырын Санжар менен Маянын аткаруусунда жуктоп койгулачы сураныч кутом алдын ала рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо