Айнура Салахидинова "Кусалык"
04:00
3,67 Мб
Жүктөлгөн: 21-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:М. Осмоновдуку
Обону:Р. Нарынбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.

Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.

Күн өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Не коштуң бизди, Кудай?

Кайырма:

Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.

Ажырадым ардагымдан,
Өкүнүп кайгырбаймын.
Турмуштун жолу татаал,
Кайра эми жаңылбаймын.

Кайырма:

Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.

Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.

Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Өзгөгө чаппай калды...

Комментарийлер (5)

23.03.2013. 20:47
 asyl..
жакшы ыр экен!молодец онорун оркундой берсин.
07.04.2013. 17:03
 4aidai
Oo bul yr taryhta kal4u yr, men ukkan saiyn yilagym kele beret.
24.06.2013. 15:50
 Aygerim_tls
Армандуу суйуу ыры. Мен да коп угам.
14.03.2014. 00:42
 bema3092
мм озун деп соккон журок башкага жакпай калыыы де)
19.08.2014. 20:02
 Marsen
Көңүлүм эч нерсеге чаппай калды.
Мурдагыдай күн нуру жакпай калды .
Ыр жазган калемим мокоп калды.
Аккан суум муз болуп токтоп калды.
Кыялым тоону көздөй учпай калды.
Кудайым мени такыр укпай калды –
Сенсиз жаным…
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо