Сыймык Бейшекеев "Атакем"
04:26
4,05 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(8 добуш)
Айтууга келди кезек
Атанын уулу дешет
Жүгү чоң сөз экенин
Жүрөгүм ичтен сезет
Татыктуу бекенсиң деп
Заманым сөөмөй кезеп

Кайырма:
Атаке, атакебай
Жылт эткен санааңыздан
Самоого өзүбүз да
Сагынып калабыз да
Эшик төр биз чоңойгон
Эркелеп барабыз да
Бактылуу узак жаша
Бар болуп арабызда

Табат деп ким сырымды
Таштаймын көз нурумду
Атымды элге угузуп
Арнаймын бар ырымды
Өстүрсөм экен сиздей
Мен дагы өз уулумду

Кайырма:
Атаке, атакебай
Жылт эткен санааңыздан
Самоого өзүбүз да
Сагынып калабыз да
Эшик төр биз чоңойгон
Эркелеп барабыз да
Оорубай узак жаша
Бар болуп арабызда

Ден-соолук берсе экен дейм,
Кылымды көрсө экен дейм.
Пайгамбар жаш да кутман
Тилегим берсе экен дейм
Каткырып карылыкты
Кайраты жеңсе экен дейм

Кайырма:
Атаке узак жашап,
Аман жүр арабызда

Комментарийлер (3)

07.10.2013. 04:25
 Beka1986
Супер инфо саламатсыздарбы,сыймыктын илиястын ыры деген ырын таппай журом,жуктоп коюунуздарды суранам
19.11.2013. 12:21
 Nyrjake
Мыкты чыгарма, клиби да сонун тартылган. Аталарга негизи ырлар аз жазылган, ата-энебизди тируулугундо сыйлай билишибиз керек, Сыймыкка таазим, азаматсын, чыныгы атасынын уулу деген атка татыктуусуз!!!
24.02.2014. 19:46
 aybekerlan
Салам алейкум Супер инфо. ушул ырдын сөзүн жазып койсоңор аябай кубанат элем. кайра кайра уксам да сөзүн так уга албадым.рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо