Замир Мырза, Неля "Биз бакытты издедик"
03:44
8,52 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Садыралы Абдыкеримовдуку
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Өмүрүмдүн ар бир ирмемин,
Өйдө-төмөн калчап иргедим.
Гүл талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.

Тагдырымдын ашып белесин,
Багынтам деп сезим сересин.
Ай талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.

Жашоо чиркин кантип жайнасын,
Таба албасак анын айласын.
Баркы чексиз биздин бактыбыз,
Айтчы деги кайдасың?
Махабаттан жанып дүрт этип,
Кеткен эмес деги ким келип,
Ошолордой болуп жер кезип,
Биз бакытты издедик.

Тынчтык бербей тунук бир сезим,
Жаштыгымды кайра иргедим.
Медер туткан бактым кайдасың,
Мен өзүмдү издедим.

Көкөй кескен көңүл суз болуп,
Көкүрөктөн кезейт бир жерим.
Баркы чексиз бактым кайдасың?
Мен өзүңдү издедим.

Комментарийлер (3)

17.09.2014. 17:39
 kubina
Ushul yr ollo jagat maga)
06.04.2015. 04:06
 aiza.kyrgyzkyz
Молодец!!! Клиби болсо кошуп койгулачы сураныч
14.11.2016. 17:39
 karona
Ильяз аранжировка менен обонду эзип койгонсун ушул ырда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо