КЕҢЕШ тобу "Издедим"
04:31
4,13 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.71/5
(24 добуш)
Таң болуп атсаңчы түнөргөн багыма,
Түбөлүк жансаңчы шам болуп жаныма сен.
Таксам дейм ак нике шакегин колуңа,
Тандасаң сен мени турмуштук жолуңа сен.
Элестеп өзүңсүз өмүрдүн кемесин,
Эзилет жүрөгүм кайгынын желесинде.
Умтулам убакыт капкандай желесин,
Узарып үмүтүм күтүүнүн белесинде.

Кайырма:
Издедим, мен сени
Изи менен сезимдердин
Издедим, мен сени
Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин.

Кызарып күн батса кыялым сени издеп,
Кусанын жолунда жүрөмүн үзбөй күдөр.
Кыйналып турса да жүрөгүм сени издеп,
Кылымдай сезилди өзүңсүз ушул күндөр.
Ийилип турса да үмүттүн дарагы,
Ишенип келемин өзүңдү табарыма.
Кубалар көңүлдөн түбү жок санааны,
Көрүшкөн күндү мен күтөмүн ар дайыма.

Кайырма:
Издедим, мен сени
Изи менен сезимдердин
Издедим, мен сени
Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин.

Комментарийлер (7)

20.03.2013. 14:42
 joni040494
Super
27.04.2013. 12:37
 abas
kenesh alga
10.05.2013. 11:17
 Otradnoe94
тексти кайда даттагым келип атат
02.01.2014. 09:44
 mentalist
оо сонун ыргоо
27.01.2014. 19:42
 Aygerim_tls
5+
06.02.2014. 22:55
 piter93
Издедииим мен серии жаным кайдасын. Ох кандай сонун ыр
27.12.2014. 15:05
 akyn-jurogu
Эххх.... менин жашоомон алынгандай да... куну туну уксам да эч тажабайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо