Алина Жетигенова "Дагы бир жолук"
04:04
3,72 Мб
Жүктөлгөн: 26-02-2013
Жанр: Джаз
Сөзү:Акбар Рыскуловдуку
Обону:Кыдыкбек Усупбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(8 добуш)
Карайсыңбы, карабайсыңбы?
Самайсыңбы, самабайсыңбы?
Жарык нурун катып булутка,
Жашырына калган айсыңбы?

Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай сен жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.

Каалайсыңбы, каалабайсыңбы?
Баалайсыңбы, баалабайсыңбы?
Оюнчуктан кызыгы тарап,
Ойго баткан баладайсыңбы?

Кайырма.

Моокумумду кандырбайсыңбы?
Ал мончоктой албырбайсыңбы?
Түбөлүккө дегдетип мени,
Төгүп өткөн жамгырдайсыңбы?

Кайырма.

Комментарийлер (4)

29.03.2013. 23:39
 Gulu85
Алина эженин суйуу ырлары журокту коскойтда .сиздерден суранам концерттердеги видео клиптерин кобуроок жуктошунорду......
18.08.2013. 20:08
 AltynA
super!!
30.12.2013. 20:15
 Nursultan.m.n
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай сен жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.
22.01.2015. 15:26
 Kuzya-ss
эн назик,эн мээримдуу деп ойлойм Алина эжени.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо