Нарынбек Калыбаев "Оштук кыз"
03:53
3,56 Мб
Жүктөлгөн: 01-03-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Ушул ырды сага арнасам,
Ырдагандан эч талбасам.
Жанашкан жарым бар туруп,
Болбойт го сени алдасам,
Болбойт го колуң кармасам.

Кайырма:
Мажүрүм талдай ийилген,
Ыйманы ачык билинген.
Ак-Буура бойлоп жолуктум,
Аттиң, ай, болсоң колуктум.
Таза сенин дилиңден,
“Ака” деген тилиңден.

Ах, кара карагат көздөрүң,
Балдан да таттуу сөздөрүң.
Канткенде сени унутам,
Эртелеп сага жолуксам,
Түгөйүм болмоксуң жоолукчан.

Кайырма:

Жаздыкка жашым тамчылап,
Жүрөктү эздиң жанчылап.
Болду эми түшкө кирбечи,
Тааныба, такыр билбечи,
Жөн гана көргөндө сиз дечи.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

11.03.2013. 14:39
 Мэри
Жүрөктү эздиң жанчылап????????

17.03.2013. 04:42
 AnVaR_KG
Жакшы ыр экен менин да озумдун Оштук Кыз деген ырым бар
08.08.2013. 23:12
 don.kg
Ай оштук кыз ооо оштук кыз Чубак акем сыздаган ай жааным туштук кыз деген ырды ким ырдайт билбейстерби Суперчилер?
09.08.2013 10:18
admin_media
don.kg,
Саламатсызбы! Ал ырды Кубаныч Сатаев ырдайт азыр)))
http://www.super.kg/media/audio/95423
11.02.2014. 01:58
 mirza
Ушул ырчынын "Баарыңды күтөт Ала-Тоо" деген ырын жүктөп коюңуздарчы суперчилер.
17.09.2014. 07:31
 mega.argen
Сонун го
07.01.2016. 04:38
 Sabyr_Baymatov
Сонун чыгыптыр. Нарынбек акебиздин “Айылдан салам” деген ырынын жаңы версиясын жүктөп коюңуздарчы? Үчүнчү куплети бар. Акыркы куплетинин тексттерин төмөн жактан окуңуздар:

Учамын сага, учамын
Сүйүүгө толо кучагым
«Жан биргем аман келсе», - деп
Күтүүдөн кетти чыдамым
07.01.2016 15:48
admin_media
Sabyr_Baymatov,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Текст толук эле жазылып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо