Ибрагим Жунусов "Сүйбөдүм, сүйө албаймын"
05:36
7,67 Мб
Жүктөлгөн: 04-03-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(8 добуш)
Тагдырың жазганына, таарынба, жаным, мага.
Кеч келген бул жашоого, кечиктиң, айла канча?
Сүйөм деп неге айттың?
Жанымды кыйнадың да.
Билесиң үй-бүлөм бар, аларды ойлодуңбу, аларды ойлодуңбу?

Кайырма:
Сүйбөдүм, сүйө албадым,
Сүйгүн деп кыйнабагын.
Ай кызым, жан баламды
Сен үчүн кече албаймын.
Жанымды кыйнабагын,
Баары бир сүйө албаймын,
Жалгызым түгөйүмдү
Сен үчүн кыя албаймын.

"Сүйүүнү билбейсиң" деп айыпты койбо мага,
Азабын бул сүйүүнүн тартканмын сенден башта.
Мончоктоп көз жашыңды агызба, агызбагын,
Чын сүйүү эми келет, күтө тур эселегин, чыдай тур эселегин

Сүйбөдүм, сүйө албадым,
Сүйгүн деп кыйнабагын.
Ай кызым, жан баламды
Сен үчүн кече албаймын.
Жанымды кыйнабагын,
Баары бир сүйө албаймын.
Жалгызым түгөйүмдү
Сен үчүн кыя албаймын.
Ыйлаба, ыйлабагын,
Сыздаба, сыздабагын,
Кечиктиң бул сүйүүдөн,
Кечиргин, сүйө албаймын.

Комментарийлер (7)

23.04.2013. 18:53
 maksb86
Тагдырын жазганына
Тарынба жаным мага
Кеч келдин бул жашоого
Кечиктин айла канча
Суйом деп неге айтын
Жанымды кыйнадында
Билесин уй булом бар
Аларды ойлодунбу,аларды ойлодунбу?
12.05.2013. 01:42
 maksb86
Кандай Гана сонун создор мааниси,обону супер!!!!!!!!
07.02.2014. 02:39
 rnurzida
Мазмууну терен ыр.
01.07.2014. 18:50
 hakker_a
урматтуу админ медия текстин жазып койгулачы алдын ала рахмат
02.07.2014 12:45
admin_superstan
hakker_a, текст кошулду.
14.10.2014. 12:46
 sekelek96
Urmatuu admin Junusovdun "balalykka ketelichi apake"degen yryn tappai atamgo bolso juktop koigulachy?aldyn ala rahmat!
14.10.2014 12:55
admin_portal
sekelek96, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо