Гүланда "Ооруп турат жүрөгүм"
04:01
3,68 Мб
Жүктөлгөн: 04-03-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Рысбаеваныкы
Обону: Айбек Карымовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(4 добуш)
Сени таштап учуп кетсем куш болуп,
Таалайыма ушул тагдыр туш болуп.
Таарынбагын өзүң болдуң себепкер,
Көңүлүмдүн калганына суз болуп.

Кайырма:
Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм,
Жалгыздыктан абдан тажап жүдөдүм.
Жакынымдан айрылуу да бат беле,
Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм.

Көздөрүңдө турган жашың термелип,
Көкүрөктө калар балким сыр болуп.
Көрө билип көңүлүңдө туя жүр,
Кайтып келем сага жакшы ыр болуп.

Кайырма.

Жакшы көрүп жаным бирге деп жүрсөм,
Жан дүйнөңдө жасалмалуу жан белең.
Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң сен,
Кандай жансың жакшылыгым сезбеген.

Кайырма.

Комментарийлер (3)

09.06.2015. 23:09
 chonko.samat7
Айланан ыр десте болуп эле жайнап жатып калыптырсында эээ
10.12.2015. 23:34
 Maks_sharshenaliev15
Гуланда ийгилик болсун
27.04.2020. 15:58
 Kanat.kg
Сонун ырЯ угуудан тажабайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо