Токтобек Асаналиев "Жаштык кез"
03:27
6,32 Мб
Жүктөлгөн: 06-03-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(5 добуш)
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.

Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.

Комментарийлер (8)

29.03.2013. 10:36
 nuli_kg
супер, сонун ыр го
29.04.2013 11:31
omko
nuli_kg, Минусовкасы болсо беришкилечи
29.04.2013. 11:30
 omko
Жакшы ырдаган
07.10.2013. 22:38
 Akyikatchy
Урматтуу Супер Инфо !!! Ушул ырдын текстин жазып койгулачы ! Силерден коптон-коп суранам ! Менин дежурный ырым болсун ...
07.11.2014. 23:18
 mila6ka
сонун ыр
15.05.2015. 14:49
 aman0508
минусу болсо жакшы болмок
04.12.2015. 15:33
 Nur9397
минусун кайдан тапсам болот аdmin?
04.12.2015 16:29
admin_media
Nur9397,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо