Токтобек Асаналиев "Күнөөлүү белем?"
03:50
1,1 Мб
Жүктөлгөн: 06-03-2013
Жанр: Фольклор
Обону:К.Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Канатындай куштардын каштарыңа мен,
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Күйүп барам махабаттын аптабына мен.

Кайырма:
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым, ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.

Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен,
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Жалгыз келем махабаттын өстөнүнө мен.

Кайырма:

Наристедей алпейим жүрөгүм менен,
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем?

Кайырма:

Комментарийлер (1)

13.06.2018. 22:44
 Aycolbek
Калмурат Рыскулов агабыздын кобунчо ырларын ырдап,ундуу болдунуздар.Агабыздын ырларын ырдап жургонунуздор жакшы,бирок Калмурат агабызга жок дегенде чакан эскеруу концерт берип койсонуздар болмок(ырларын ырдап жургондор)!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо