Токтобек Асаналиев "Атам жана апама"
04:35
6,28 Мб
Жүктөлгөн: 08-03-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Кабарымды күндө сурап баргандан,
Карыкты го карегиңер талгандан.
А мен болсо силерге окшоп жем ташып,
Чымчык болдум өз уямды айланган.

Кайырма:
Андагыдай мойнуңарга артылбай,
Арманым көп ичте жүргөн айтылбай.
Амандыгың күндө тилейм кудайдан,
Атакебай, апакебай, алтындар.

Ат бердиңер алыс жолго минерге,
Тон бердиңер үшүгөндө киерге.
Суу бердиңер чөлдө калса ичсин деп,
Мен эч нерсе бералбадым силерге.

Кайырма:

Мээримине бөлөп келди көзүңөр,
Мен таянар, медер тутар, өтүнөөр.
Мелт- калт кылып сактап турган өзүмдү,
Мекеним да, Меккем дагы өзүңөр.

Комментарийлер (7)

20.11.2015. 13:03
 Kunan
Ырдын мааниси аябай жакшы экен. Алга Токо байке.
02.02.2016. 20:37
 rusha
саламатсызбы админ! айылым деген ырын жуктой аласыздарбы? атамдын илип кеткен камчысыбы деген саптары бар...
04.02.2016 09:45
admin_media
rusha,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
17.05.2016. 20:50
 aman0508
урматуу супер ушул ырдын минусу болсо жуктоп койсонор алдын ала чон рахмат
18.05.2016 10:48
admin_media
aman0508,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
14.01.2017. 01:03
 Mers124
Ата энелер аман болсун
11.07.2017. 23:20
 Aiko.94.03.23
Саламатсыздарбы.Сураныч Токтобек Асаналиевдин "Айылым" деген ырын көчүрүп коёсуздарбы.Издеп таппай койдум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо