Сагынбек Момбеков "Кайрылыш жолдо"
02:49
3,22 Мб
Жүктөлгөн: 11-03-2013
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Кайрылыш жолдо, кайгыбыз жондо.
Кайчылаш көздөр, айтылбай сөздөр.
Кетесиң солго, кетим оңго,
Тагдырым тартып бактыман тайып.

Аяба, ая караба, кара,
Үзүлбөй үмүт, күбүлбөй күйүт.
Жүдөтсө санаа, жүрөктө жара,
Ойлорум жарык болобу кайып.

Кетемин солго, кетесиң оңго,
Кайчылаш жолдо, кайчылаш жолдо,
Кетемин оңго, кетесиң солго.
Кайрылыш жолдо, кайгыбыз жондо,

Учалы кутум, тушалып бутум,
Түшчүдөй орго, түйшөлүп зорго.
Барттың салкын караттың артың,
Арбадым тартым азапка баттым.
Сагыныч күчөп каңырык түтөп,
Асылым кайткын акырын айттым,
Энчилүү дартым эзилдим калдым.

Кайрылыш жолдо, кайгыбыз жондо,
Ой-саана узун көтөргүн учун.
Азгырык ойго алдырып койбо,
Айжамал жаркын таалайың тапкын.
Дарегиң кайда, карегим дайра,
Буркурайт сезим, ыр сурайт сезим.
Табалбай айла, жаналбай кайра,
Жоготуп бактым жалгыздык таптым.

Комментарийлер (5)

12.03.2013. 18:08
 aika_sv
Чыныгы талант!
18.06.2013. 14:37
 abaychik
Черим жазылды. Журоктон чыккан соз журокторго жетет деген ушул го.
23.10.2013. 20:58
 Tina_79
соонун ыр экен!сураныч кейибе бака деген ырын жуктоп коюнуздарчы
27.10.2013. 23:23
 o.aza
Талантына таазим..гитара тим эле боздойт
22.11.2013. 02:24
 jetinur90
Атабабадан калган салт боюнча бир кун паландай адам эле деп жерге кокко тенебей мактайбыз,а тируундо абалын сурап ит да барбайт алдына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо