Ислам Акматов "Бардыгын жеңем"
03:36
4,95 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.71/5
(7 добуш)
Элесиң тартылып кыялдан бүткөн,
Уга алдым алыстан үнүң.
Сени мен түштөрүмдө дагы күткөм,
Келди кезигишчү ушул күн.

Жарашып өзүңө жылдыз нурларың,
Жараткан бериптир баарын.
Сен үчүн гана ырдалат ырларым,
Жүрөгүң издеп түбөлүк таптым,
Бул мен үчүн чоң бактым.

Жарым болчу өмүрүмдөгү мен издеген,
Жалоорум бол эч кайгыны билгизбеген.
Сагындым ушул өмүрдө тунук сезимди,
Кымбат сүйүү бекенин бир өзүң менен,
Ушул жашоодо баардыгын жеңем.
Кокустан бүркөлсө менин кабагым,
Жылмайып жазчы ардагым.
Мен үчүн эң кымбат сенин жамалың,
Убакытты келет кармагым.

Сен үчүн болоюн зоосу асканын,
Булутсуз болсун асманың.
Кереги жок мага эми башканын,
Өмүрлүк жарым сени тандадым,
Жаңы баян баштадым.

Комментарийлер (1)

18.04.2014. 13:57
 bred88
эн сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо