Урмат Усенов "Махабат кайырчысы"
04:41
4,28 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(5 добуш)
Татыктуу тамга тандайм өзүңө,
Тартылам кара-кара көзүңө.
Кат сунган сайым неге калтырайм,
Бир тиктеп жок дей салчу сезиле.
Теңебейм теңдеши жок ай-күнгө,
Арбылган айдындагы ал гүлгө.
Күн батар, ай булутка жашынаар,
Гүл бүтөөр күз келгенде ийиле.

Кайырма:
Кайталап баткым келбейт арманга,
Кайрымсыз кылыңан айлага.
Мен эми махабатта кайырчы
Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.

Жамалың жасап алган жандайсың,
Жарыктык жалган беле кандайсың.
Кайталап жутсам дагы көркүңөн,
Каниет кыла албаймын, канбаймын.
Эриниң элпилдеген эркеси,
Эсиме эрким кайрып бербестир.
Сурабай сулуу сени түбөлүк,
Сүйгөнүм мага күнөө эместир.

Кайырма:
Кайталап баткым келбейт арманга,
Кайрымсыз кылыңан айлага.
Мен эми махабатта кайырчы
Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.

Комментарийлер (10)

22.04.2013. 18:38
 shazi
Урматтын уну жакшы сонун ырларды ырдайт ийгилик каалайм
14.09.2013. 21:43
 begim12
супер инфо урмат усеновдун жазгы жамгыр атту ырын жуктоп койунуздарчы
16.09.2013 13:07
admin_media
begim12,
Саламатсызбы! Сиз сураган ыр))
http://www.super.kg/media/audio/98405
17.12.2013. 12:18
 atai9292
uwul yrdyn tekstin bilgender bolso jazyp koigula4y surany4
28.02.2014. 23:50
 JAGER
У.Усеновдун "Бир элес" ырын жуктоп койгулачы сураныч.Алдын ала рахматики.
03.03.2014 11:45
admin_media
JAGER,
Саламатсызбы! Сиз сураган ыр биздин порталда бар, шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/46119/
07.04.2014. 21:10
 Kamalbek
ушул ырын суйуп угамда сонун ырдаган красавчик Урмат
29.12.2016. 17:11
 batsam
Супер инфо... Махабат деген ырын качан жуктойсуздор?????
29.12.2016 17:28
admin_media
batsam,
Саламатсызбы! Сиз сураган ыр азырынча аткаруучунун өз архивинде жок болгондугуна байланыштуу порталга жүктөлө элек. Сунушуңузду эске алабыз.Модератор admin_media түзөттү 2016-12-29 17:29:08
Комментарийлерди жашыруу
30.12.2016 21:12
batsam
admin_media, Рахмат кутом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо