Азамат Сарыбаев, Сайра Момунбаева "Тирүүлүккө таазим"
03:07
2,84 Мб
Жүктөлгөн: 13-03-2013

Бул ыр Азиз менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Өмүрлөр өрттөй жагылып,
Өтүп жатат жылдар агылып
Жылдар менен сапар тартабыз,
Жокко кейип, барга багынып.
Жабыркатпай жашоо кумарын,
Аруулайлы арзуу булагын,
Өкүнүчкө бойду таштабай,
Өчүрбөйлү көңүл чырагын.

Кайырма:
Турса дагы мезгил сурданып,
Жаштыгыбыз дайым ырдалып.
Жан дүйнөбүз турсун нурданып,
Сүрөттөлүп сүйүү көгүндө
Кетирбейли күндү төгүнгө,
Кайрылабыз кайра өмүргө.

Боло берет турмуш сынагы,
Суусуз жердин гүлдөйт чынары.
Эртеңкиге үмүт улаган,
Тирүүлүккө таазим кылалы.
Өмүрлөр өрттөй жагылып,
Өтүп жатат жылдар агылып
Жылдар менен сапар тартабыз,
Жокко кейип, барга багынып.

Комментарийлер (1)

22.02.2015. 17:45
 ferrara2014
Азаматтын аткаруусундагы дээрлик коп ырлардын тексти жок экен,мумкун болсо жуктоп койсонуздар.
Азаматтын ырлары абдан уккулуктуу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо