Мирбек Атабеков "Ильяздын ыры"
04:25
4,05 Мб
Жүктөлгөн: 14-03-2013
Жанр: Ретро
Сөзү:Ж.Бузурманкуловдуку
Обону:Ж.Тагаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөө.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.

Сен эзсен кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден, кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.

Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Комментарийлер (6)

16.03.2013. 03:04
 AnVaR_KG
Азаматсын Мирбек жакшы ырдапсын
24.05.2013. 21:25
 nurlan_101087
унун бир аз жетпей калат экен, Омар ырдаганда ыр олсо керек эле сонун болуп.
13.10.2013. 18:57
 aidaibek
Сонун болуп турат! Ырчы болуш эмне оной бекен?!
01.11.2013. 02:40
 arimaz89
Керемет ыр!
09.12.2014. 14:56
 tuks
Мыкты!!!!
21.10.2017. 17:56
 ABDULLA-BEK
Ушул ырдын минусовкасы кай жерде бар кен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо