Жумагүл Раимжан кызы "Замандаш"
03:57
3,61 Мб
Жүктөлгөн: 15-03-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.88/5
(8 добуш)
Күч бирдикте бир жүрөлү, замандаш, эй, замандаш,
Күн өткөрүп күлкү, ырга аралаш, эй, аралаш.
Жаныңдагы мүдүрүлүп чалынса, эй, чалынса,
Жардам кылып жараатына каралаш.

Кайырма:
Ал менин досум, сенин да досуң,
Ал менин досум, сенин да досуң,
Достугубузга, замандаштар, ырыскы толсун, бак-таалай консун.
Кызгалдактай ачылат, эй, ачылат,
Кол кармашып бир ойнойлу, кел, досум.

Улуу турса урмат кылып амандаш, эй, амандаш,
Кичүүлөргө сый бололу, замандаш, эй, замандаш.
Капыс бирөө жаза басып чалынса, эй, чалынса,
Болбойт аны “акылсыз” деп жамандаш.
Кайырма

Дасторкондо желип бүтсө тамак-аш, эй, тамак-аш,
Бата кылбай туруп кетпе, замандаш, эй, замандаш.
Ата Журттун үрп-адатын сактаса, эй, сактаса,
Болбойт аны “эскиси” деп мазакташ.
Кайырма

Комментарийлер (10)

10.05.2013. 20:09
 balshirin
менин эн суйуктуу ырларымын бири
12.06.2013. 13:10
 adilet83
уну абдан жагымдуу ырдайтко
14.07.2013. 16:42
 balshirin
жадабайм ушул ырды уккандан
30.08.2013. 10:00
 fanatkg
Жакшы ырдаган...
03.10.2013. 17:24
 dinarka1995
аябай жагаттта ушу ыр. ото сонун аткарылган
01.11.2013. 15:41
 ronni07
Эн сонун ыыр!!!!!!!!
30.04.2014. 22:40
 tulpanka92
супер ыр болуптур сонун эх кана ушундай ырлар коп коп жаралса
23.01.2015. 22:16
 ferrari1
сонун соз жок!
23.01.2015. 22:16
 ferrari1
жактыго жактыыы
09.03.2015. 22:28
 etaj_rus79
Жумагулдун уну аябай жагымдуу Бек Борбиевдин ырларын мыкты аткарат жана уну дагы төп келет азаматсын жумагул талантын ташкындай берсин Бек байкебиздин ырларынын дагы ырдып чыксан зор болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо