Даниель "Жашоо"
03:13
2,94 Мб
Жүктөлгөн: 19-03-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.60/5
(5 добуш)
Жашоонун кумары,
Жаштыкта туябы,
Жаркыган убагында?
Тарбия булагын,
Калтырган туягын,
Кадырлап турабы ал?
Өмүрдү кадырла,
Өткөнгө кайгырба,
Өкүнбө тагдырга сен.

Кайырма:
Байлыкка умтулба,
Бийликке кол сунба,
Бактыңды кор кылба сен.
Сыноого сынбайлы,
Чындыкты сыйлайлы,
Чырпык да кыйбайлы биз.

Жалганга жеңдирбе,
Жаман ой, жемеге,
Жабыгып кемибе сен.
Күл болуп себилбе,
Куру эле керилбе,
Кумарга берилбе сен.
Таазим кыл Теңирге,
Тар дүйнө теңинде,
Таарынып телмирбе сен.

Кайырма

Жашоо бул оюндай,
Жашайлы корунбай,
Жакшыны кор кылбайлы.
Жазасын албайлы,
Жаш төгүп калбайлы,
Жашоону кадырлайлы.

Кайырма

Комментарийлер (2)

17.04.2014. 17:38
 dastan_nookat
Клипбин кошуп койгулачы-super.kg
25.06.2014. 18:02
 emilkyrshab
Сагындырган колун коздой бара албай, сай да бир кун соолуйт экен ага албай, санаа менен кун кечирип келатам, сага окшогон бир да гулду коро албай.
Деген ырын берип коё аласыздарбы? Алдын ала рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо