Mr. Баха "Армандуу сүйүү"
03:38
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 22-03-2013
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(18 добуш)
Жалындаган жаштык кезде,
Жадыраган жаз мезгилде,
Жолукканмын сени менен,
Анын баары дале эсте.
Кол кармашып басчу элек,
Кереметтүү айлуу кечте.
Бир саат көрбөй калсам сени,
Сагынчу элем тезден эле.
Билесиңби дагы, жаным,
Бири-бирибизди кызганчу элек.
Кызганычтын бардыгына
Жүрөктөгү сүйүү себеп.
Ошентип биз көпкө чейин,
Бактылуудай жүрдүк эле.
Бирок биздин бактыбызды,
Башкаларга бөлсө керек.
Ак жоолукту салынып сен,
Кете бердиң башка жакка,
А мен болсо кала бердим
Ак сүйүүсүз тозок жакта.
Көнгөн адат калбайт тура,
Сагынычта куса болуп,
Күнү-түнү уктабастан,
Сени эстеп жүрөк ооруйт.
Билесиңби дагы, жаным,
Ак сүйүүнүн барактарын?
Сага арнап чын жүрөктөн,
Канча ырды жаратканмын.
Ал ырларым кала берди,
Арман болуп ак баракта.
Азап кылып алып кеттиң,
Ак сүйүүмдү кайсы жакка?

Кайырма:
Жетпей кала бердим сүйүүгө,
Мен сүйүүсүз өтөмбү өмүрдө?
Жалгыз сага арналган жүрөгүм,
Сыздап ооруй берди өкүнө.

Ары басам, бери басам,
Эми кандай айла табам?
Жакшы көргөн сүйгөнүм жок,
Жалгыздыктан тажап жатам.
Жалгыз эле бул дүйнөдө,
Жүрөгүмдө сен белең?
Айлар, күндөр өтсө дагы,
Өзүңдү мен эстей берем.
Түндө туруп ыр жазамын,
Сен жөнүндө бүт арманым.
Сенден башка жүрөгүмө,
Жаккан кызды таба албадым.
Эч эсимден кетпейсиң сен,
Сени эле эстей берем.
Сүйүп жүргөн адамыңды,
Унутуш дагы кыйын экен.

Жазгы жаандай төгүлөмүн,
Жалгыз куштай көрүнөмүн.
Жандап сүйгөн адамым жок,
Мен сүйүүсүз өмүрдөмүн.
Көз жаш болуп төгүлөмүн,
Көз мончоктой көрүнөмүн,
Көздөп күткөн адамым жок,
Көңүлсүз бул өмүрдөмүн.

Жүрөк, чиркин, жерий берди,
Сүйүү мага берилбеди.
Жаз да келсе жер жашарып,
Мөңгү болуп ээрибедиң.
Жалбырактай күбүлөмүн,
Саман болуп үйүлөмүн,
Убакыттар өтүп жатат,
Мен сүйүүсүз өмүрдөмүн.

Жетпей кала бердим сүйүүгө,
Мен сүйүүсүз өтөм бул өмүрдө.
Жалгыз сага арналган жүрөгүм,
Сыздап ооруй берди өкүнө.

Бул дүйнөдө сүйүү азап,
Акыйкаттуу боло бербейт.
Өкүнсөң да жүрөк ооруп,
Эски сүйүүң кайра келбейт.
Сүйүү деген ушунчалык
Кубаттуу да жана асыл.
Сүйүп жүрүп жетпей калсаң,
Жүрөк, чиркин, кандай азап.
Түбөлүккө кала бердиң,
Жүрөк сыздап, ойдо жашап.
Сенсиз жашоо кызыгы жок,
Соолуган күндөй өтүп жатат.
Кош бол эми, сүйгөнүм сен,
Түөлүккө бактылуу бол.
Кол кармашкан жарың менен,
Тунук сүйүү жана ак жол.

Өзүңсүз кала бердим мен,
Калагы жок кайыктай.
Өзгөчөм менин сен элең,
Кеттиң учкан жылдыздай.

Комментарийлер (32)

25.03.2013. 03:05
 bakai.96.kg
Жакшы ыр экен
25.03.2013. 18:23
 aziato4ka
uraaaa!!!! ushul yrdy izdep jurgom!!!!
28.03.2013. 11:42
 makeinfo
скачайтете албай жатабыз!
28.03.2013 12:51
admin_media
makeinfo,
Сизге купуя кат менен жоп берилди.
02.04.2013. 05:13
 asyl85
jakwy soonun yr eken
03.04.2013. 21:41
 k-rollan
Жарайсын доске менин ырымды жаратыпсын Чыгармачылык ийгилик
05.11.2013 17:01
DjAibek
k-rollan, Пожалуйста можете мне гнаписать мне текст песни?!!
12.04.2013. 18:55
 kubanych92
укса болгудай ыр жакшы эле
30.04.2013. 19:49
 DinMuhammed001
Сураныч кыргыз реперлерибиздин ырын кобуроок киргизип коюнуздарчы
07.01.2014 09:59
ArtikSkyBoy94
Kantip kirgizse bolot? Bizde da rep yrlar bar ele?
Комментарийлерди жашыруу
07.01.2014 10:51
admin_superstan
ArtikSkyBoy94, Саламатсызбы!
Элдик видео же аудио жүктөөнүн жол-жоболору менен бул жактан таанышып, жүктөсөңүз болот: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007
07.05.2013. 15:51
 Akmaralka
Эн сонун... Мага абдан жакты.... Суйуу... Арман... Окунуч... Жашообузду коштоп келет тура....
08.05.2013. 19:23
 Oskar777
+5
11.07.2013. 20:32
 behe
yrdy jakwy dep ukam ko4urup ugup anan kommentarii kaltyrap
11.07.2013. 20:36
 behe
jakwy yr eken super
20.08.2013. 20:45
 Alika.96
Жакшы ыр экен!
20.10.2013. 17:14
 Nurgazy_baetov
Реп ти кантип жазат
05.11.2013. 16:59
 DjAibek
Сураныч текстин жазып бергилечи, аябай жакты мага
26.11.2013. 03:24
 Elaman.kg
Репти ручка мн жазат Нургазы
06.04.2014. 20:22
 Lumia-800
Нары басам бери басам Мистер Баха ырларынды угуп жаам.
26.04.2014. 22:49
 chyngyz84
мр. Баха, эн сонун ыр!. Бирок сендей таланттулардын ырларын, неге теледен бербейт деймда!.
07.06.2014. 04:01
 koiluev-m
дагы ырларынан киргизиниздерчи алдын ала рахмат
12.08.2014. 13:32
 emran_95
Баха ырын жакты.молодец брат,бирок сенден капа болдум себеп бул ырын менен мени ыйлатын!!!
17.08.2015. 19:03
 Wap-master2015
Супер ыр болуптур, алга Баха.
15.12.2015. 16:17
 nukurajigit
Маанилуу. Уккан сайын уккум келе берет.
13.07.2016. 02:16
 kursantvs
эн сонун
18.12.2016. 14:08
 Abdullatif
Урматтуу админ! Бактылуу болгула, быжырап балалуу болгула... Отконго окунбо дешет, айла жок эми, кеткенге кейибегин... Анан кайырмасында кыз сени сагынамын деп ун коштойт. Ушул реп кимге таандык, кайсы жерден тапсам болот, айтып койосуздарбы, сураныч
18.12.2016. 14:17
 mirlan02
Ен сонун
20.02.2017. 02:12
 flow23
Kiggaz
30.05.2017. 16:23
 admin_media
Kanatbek97,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
19.06.2017 23:29
Kanatbek97
admin_media, саламатчылык көчүрүү дегенди бассам кандайдыр сүрөт чыгып калып жатат
Комментарийлерди жашыруу
20.06.2017 11:05
admin_superstan
Kanatbek97, саламатсызбы? Кандай сүрөт чыгып жатканын скриншот кылып жибериңиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо