Ома, Омар, Айбек Замиров, Арсен, Каныкей "Кыргызстан"
04:23
4,01 Мб
Жүктөлгөн: 22-03-2013
Жанр: Поп
Сөзү: Кыялбек Урманбетов
Обону:Эрик Кадырбаев
Көчүрүү
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Канча жолу өчүп кайра тирилдик,
Касиеттүү эл катары билиндик.
Кара келип боздобосун энелер,
Калкыбызда болуп дайым биримдик.

Кыргызстан,
Кандай жер сага теңелет
Карачы кандай керемет
Менин жерим
Кыргызстан
Ажайып көркү ачылат
Карачы кандай нурданат
Менин элим.

Баары күтөт жакшы заман келишин,
Бак тигели, балдар жесин жемишин.
Наркыбызды сактап бекем туралы,
Намыс үчүн, мекен үчүн, эл үчүн.

Кайырма:

Каныбызда мөл булагы агылат,
Каректерде шам чырагы жагылат.
Дүйнөдө жок мындай жерди издесең,
Биздин гана жүрөктөрдөн табылат.

Кайырма:

Асылдар көп залкар чыгып заманда,
Калайыктын бактысына жаралган.
Ошол үчүн бийик болуп Ала-Тоо
Байыртадан улуу кыргыз аталган.

Кайырма:

Комментарийлер (10)

23.03.2013. 20:47
 agar12
суппер!!!!! Азаматсынар! Мин ырахмат айтабыз.
07.05.2013. 17:04
 mem
Саламатсыздарбы бул ырдын созун кайсыл жактан алса болот маалымат берип койунуздарчы! Ошондой эле минусовкасыда абдан керек болуп жатат!

07.05.2013 17:49
admin_media
mem,
Саламатсызбы! Кошуп койдук, эми кошулуп ырдай берсеңиз болот)))
07.06.2013. 17:01
 gitaristka_2013
Сөз жок, азаматсыңар. Патриоттук сезимим ойгонуп кетти.
11.06.2013. 17:39
 ma4ak
жакшы ыр болуптур азаматтар. урматтуу супер Ома Сагынам деген эски ырды ырдаган элего мумкун болсо ошону жуктоп коюнуздарчы. алдын ала рахмат
11.06.2013 17:57
admin_superstan
ma4ak, ал ырды жүктоп койдукhttp://www.super.kg/media/audio/91471Модератор admin_superstan түзөттү 11.06.2013 19:29
14.02.2014. 01:00
 Mekenim_Mederim
Карачы кандай керемет!
04.05.2014. 22:22
 dastan_nookat
Ушул ырчылардын жана чолпонай,макс бегалиев,алмаз адамалиев,назгуля токтакунова ушул ырчылардын аткарусунда-''Бар бол кыргызымдын жаштары'' ырын жуктоп койгулачы! Отуном,бары ырдаган!!!!
06.05.2014 15:42
admin_superstan
dastan_nookat, төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/audio/118665/
06.05.2014. 16:44
 dastan_nookat
Рахмат!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо