Ильяз Андаш "Кыздарга ишенбе"
03:43
3,41 Мб
Жүктөлгөн: 25-03-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Үсөн Дайырбековдуку
Обону:Съездбек Искеналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(14 добуш)
Айланам караңгы түндө
Кайгыда күн батат күн өтөт
Туруксуз кыздардын жүрөгү
Сүйүүсү тез эле өзгөрөт
Кыздарга эч качан ишенбе
Алдатып оо курбум тиштенбе
Сулуулар туруксуз, жеңил ой
Алардан чын сүйүү издебе
Алардан чын сүйүү издебе

Кайырма:
Эх сүйүү кайгыбы, арманбы?
Же сүйүү кыялбы жалганбы?
Гитара муканып сыздаткан
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?

Кызыл гүл колумдан соолуду
Кыйналдым жүрөгүм ооруду
Кымбатым кайрылбай кетти да
Калдайган кайгылар торуду
Калдайган кайгылар торуду

Кайырма:
Эх сүйүү кайгыбы, арманбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Гитара муканып сыздаткан
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Махабат арманбы, арманбы?

Комментарийлер (7)

26.03.2013. 17:03
 Nurik_UFC
Алар бизди ишендирип коюшатта
26.03.2013. 21:28
 Awpoz4u
Малдес жигиттин гулу эн мыкты аткарылган,анча мынча ырчылардын уну жетпей турган тональность экен...
28.03.2013. 01:32
 TMT
беш кол тен эмес
28.03.2013. 20:10
 admin_media
Awpoz4u,
Билдирүүңүз жалаң баш тамгалар менен жазылганы үчүн жашырылды. Кайталанса сайттан четтетүүгө туура келет.
01.04.2013. 18:54
 Nurik_kbt93
ваще ишенбейбиз эми. хехе
29.05.2013. 00:46
 nlo92
Суйуудо ишенич керек!
21.01.2015. 20:07
 Bektandil
Рахмат супер таап калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо