Съездбек Искеналиев "Жашырасың"
03:29
3,18 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Түмөнбай Байзаковдуку
Обону:С.Искеналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Сагынуулар калган кезде чогулуп,
Сырдашабыз аз да болсо жолугуп.
Буга күбө бак кирпиктүү айлана
Буга күбө көктө сүзгн ай гана.

Көп сөздөрдү айткың келип турса да,
Көкүрөктү сыр ташкыны урса да.
Жашырасың сүйлөбөстөн чечилип,
Жаз кабары калып жатат кечигип.

Кайырма:
Эмнегедир ачык айтпай сөзүңдү,
Эзүүдөсүң, кыйноодосуң сезимди.
Мүмкүн ойдун чиеленген түйүнү,
Менден катып жаткан чыгаар сүйүүңдү.

Жаз келгенде гүлүн ачаар сыр дагы,
Жалбырактай кыналышып ыргагы.
Күн шооласын төккөн кезде ынактай,
Купуя ышкы ийип кетээр булактай

Кайырма:

Комментарийлер (1)

26.04.2015. 19:47
 dastan_nookat
Достор!! Сураныч ушул ырдын минусун кошунуздарчы сураныч?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо