03:36
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 27-03-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Абдырасул Кенжебаевдики
Обону:Расул Маматкуловдуку
Көчүрүү
Көзүңдөн мөлтүрөгөн карагаттай,
Кайталап карай берем канагатпай.
Сен мени түшүнсөңчү, карындашым,
Сүйүүмө муздак шамал аралатпай.
Ойлонгун күндө мени сагалатпай,
Эзилтип жүрөгүмдү жаралатпай.
Оюма түшө калсаң кечиндеси,
Ойлонуп жата берем таң да атпай.
Бул сүйүү сага деген өтө терең,
“Жок” десең жүрөк менен ыйлай берем.
Сен келип бек кучактап “сүйөм” десең,
Түбөлүк ырахатка батат белем?..
Комментарийлер (1)