Алмаз Шаадаев "Менин апакем"
04:35
10,48 Мб
Жүктөлгөн: 28-03-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Н.Садыровдуку
Обону:М.Абдраевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Бапестеп балын берген,
Балапан баскан кезден.
Айланам мээриңден, алтын апакем.
Суранам Теңиримден
Тең карып сени менен
Тиреги бүлөбүздүн, асыл атакем.
Чоңоюп эр жетсем да,
Бөбөктөй көрүп мени жаным апа
Дүйнө сулуу сени менен.

Кайырма:
Менин апакем, алтын апакем
Актаар бекем, ак сүтүңдү мен,
Менин апакем, алтын апакем,
Ааламдай кең ак пейилиңден.

Жүрөгүң картайбасын,
Аябайм тамчы каным
Күн болуп тийген жалын, алтын апакем.
Түн уйкуң бузсам дагы,
Бал сүтүң берип бактың
Бактылуу кылам сизди, алтын апакем.
Чоңоюп эр жетсем да,
Бөбөктөй көрүп мени, жаным апа
Дүйнө сулуу, сени менен.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

28.03.2013. 15:22
 capslock
Эхх, апалар дайым аман болсунчу! Эч качан оорубагылачы! Дайыма, дайыма жузунуздордон жылмаюу кетпесинчи. Менин, менин алтын апакем
28.03.2013. 17:21
 batyrkul
krasavchik jakshy yr boluptur
11.10.2013. 18:14
 Aiganysh
соонун ыр экен! ыйлап жиберген аз калдым
13.02.2014. 23:49
 admin_media
Nursultan,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
09.04.2014. 08:32
 Sagy
Болот экенго сонун ырларды ырдасан)) Азамат)
02.09.2014. 02:55
 mega.argen
Ушул ырына бир аз ичим жылыда азамат
14.01.2015. 15:10
 Bodibilding
жакшы ыр болуптур азаматсыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо