Гүлжигит Калыков "Элим"
03:41
5,07 Мб
Жүктөлгөн: 03-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:К.Урманбетовдуку
Обону:М.Турсунбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Алтын эмес, бакыт
Алалбайсың сатып.
Бир тамчысы бир өмүргө татып.
Төгүлсө да мейли, түгөнбөсүн дейли,
Таразалайт убакыт.
Кичинекей өлкөм, бирок бийик, көркөм,
Кенен, кандай кереметин көрсөм.
Ырысыма балкып, ырдабайын кантип
Ала-Тоодо төрөлсөм?

Элим, гүл өмүрдү сунайын эми,
Ынтымагың сурайын.
Биригип көкөлө, көкөлө ылайым куштай.
Элим, алакандай кыргызым, элим,
Жерге түшпөй жылдызың, өркүнүң өссүн,
Таттуу болуп турмушуң туздай.

Максат эмес кызмат,
Маңдай териң кымбат.
Майдаланба көр дүйнөгө сыздап,
Асмандаган кезде акыл сөздү эсте.
Токой болбойт жалгыз бак.
Жакшыны да билдик, жаманды да билдик,
Аза болбой, таза болсун бийлик.
Улуу өлкө куруп, улут бойдон уюп,
Эне тилде эргийли...
Кайырма

Комментарийлер (6)

04.04.2013. 10:53
 AyPeKa
соонун, патриоттук негиздеги ыр экен.
04.04.2013. 11:00
 AyPeKa
урматтуу админ, гулжигиттин "сен дегенде" аттуу ырынын клипин качан жуктойсуздор? аябай коргум келип жатат, алдын ала рахмат.
04.04.2013 12:40
admin_media
AyPeKa,
Сиз айтып жаткан ырына клип тартылып бүтө элек экен, бүтсө эле жүктөп коебуз)))
04.04.2013. 15:16
 Imran
текст
04.04.2013. 19:03
 bakay93ka
админ медиа рысбек токтобаевдин ырларын жуктоп койгулачы
05.04.2013 09:23
admin_media
bakay93ka,
Бул шилтеме менен кирип уксаңыз болот.
http://www.super.kg/media/?search_term=рысбек+токтобаев&search_author=0&media_search=1&x=7&y=4
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо