03:48
3,48 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Жумакан Тынымсеитованыкы
Обону:Сайыргазы Түркмөновдуку
Көчүрүү
Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурсам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.
Көксөгөн кыял болчубу,
Көңүлүм көлдөй толкуду.
Ызааттап тосот утурлап,
Ысык бир көлдүн толкуну.
Бешенем жайнап, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума улам урунат,
Удургуп толкун кол берип.
Берчүдөй эңчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Ылдамдап толкун сууларым,
Ыр сүзүп берчи түбүңдөн.
Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги,
Турсачы бир аз таң атпай.
Комментарийлер (0)