Саламат Садыкова "Күлгүн жаш"
04:17
9,78 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2013
Жанр: Фольклор
Сөзү:Насирдин Байтемировдуку
Обону:Бектемир Эгинчиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Таңдагы гана чолпон өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан бозой мүнөзүң,
О чиркин, жаштыктын жыпар гүлүсүң.

Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Кайыкта бирге баратсак,
О чиркин, калбастыр арман тырмактай.

Мен булбул гана таңда таңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы ээ-эй сен чолпон,
О,чиркин айдай жүзүң балкыган.

Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жаштыктын алтын көлүнөн,
О, чиркин кармасак алтын балыгын.

Комментарийлер (1)

16.06.2013. 08:27
 4atkal
Мен Саламат Садыкова менен сыймыктанам! Ах, кандай гана соонун ыр, жан эргитет!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо