КЫЗ - БУРАК тобу "Кайрылып кел"
04:20
7,92 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү: Г.Садыбакасованыкы
Обону: Г.Садыбакасованыкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Кайдасың жан эркем кайдасың?
Издеп таппадым.
Күтүүдөн таңдар да кечте өзүңсүз,
Аябай чарчадым.
Күндөрүм айларга алмашты,
Жылга алмашты.

Кайырма:
Жалынам сага,
Түшүмө кирдиң ар убак.
Сагынып күткөн махабат,
Каректен ысык жаш тамат.
Окшобос болду,
Өзүңө такыр башкалар.
Оболоп учкан турналар,
Сүйүүмдөн кабар айта бар.

Кайдасың жан эркем кайдасың?
Кай жерде жүрөсүң?
Капалуу көңүлүм жабыркаганым,
Сен качан билесиң?
Күйүттүү от салдың сезимге,
Келчи тезирээк.

Кайырма:
Жалынам сага,
Түшүмө кирдиң ар убак.
Сагынып күткөн махабат,
Каректен ысык жаш тамат.
Окшобос болду,
Өзүңө такыр башкалар.
Оболоп учкан турналар,
Сүйүүмдөн кабар айта бар.

Комментарийлер (1)

06.04.2016. 00:27
 patma.mahmud-kyzy
Сүйөм да ушул ырды, музыкасын да сөзүн да, ырдаган ырчыларды да, үндөрүн да. Мен үчүн эң сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо