Саламат Садыкова "Калайык калкка каалоо (Folk version)"
03:55
7,17 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2013
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Уруу-уруу, туш тарапка бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.

Узак мезгил сиңип келген сезимге,
Уруу, уруу керек чыгар кезинде.
Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз,
Өз балаңдай, жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.

Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар,
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар,
Ыйман менен ынтымакта иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
Ынтымакта ыйман-ызаат иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.

Комментарийлер (1)

05.04.2013. 16:55
 Bekish-kg
Кандай гана керемет ун,кандай гана асыл создор.Мен сизди туболуко сыйлайм Саламат эже.Кыргыз элинин бактысына аман болунуз,эн мыкты ырдапсыз,азаматсыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо