Урмат Усенов, Сема, Ильяз Абдыразаков, Сапар Эркебаев, Съездбек Искеналиев "Бай тилек"
04:21
3,98 Мб
Жүктөлгөн: 05-04-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(9 добуш)
Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.

Кайырма:
Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.

Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай

Кайырма:

Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай

Кайырма:

Комментарийлер (7)

10.05.2013. 17:15
 ma4ak
Саламатсыздарбы суперчилер ушул ырдын тексттин жазып койгулачы сураныч
11.05.2013. 13:06
 ma4ak
Чон рахмат супер силер чыныгы суппппперсинер ишинерге ийгилик
29.09.2013. 10:27
 Nurik2
супер инфо ушул ырдын минусовкасын каерден кочурсо болот?
03.02.2014. 15:06
 kyrgyzstan.kg
salamatsyzby admin-media.Ushul yrdyn minusovkasyn juktop koiunuzchy oto suranych
26.07.2014. 02:20
 malik.87kg
урмат брат ыр зор бирок кино начар
14.09.2014. 19:35
 kubina
Ushul yr jagat
05.11.2014. 20:12
 nurti_cr7
минусовкасын кайдан табабыз админ???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо