Ильяз Абдыразаков "Сагынамын сени"
03:25
3,12 Мб
Жүктөлгөн: 05-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(27 добуш)
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени ар дайым.

Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле,
Көргүм келип мен өзүңдү.
Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет,
Уксам дейм сенин сөзүңдү.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Элесиңе мен зар болуп.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өзүңсүз дүйнө тар болуп.

Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.

Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим,
Таба алсамчы бир айла.
Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Өрт болуп сенсиз бул аалам.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өксүтпөй келчи, суранам!

Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.

Комментарийлер (7)

06.04.2013. 08:17
 islamkg
Тажабай кайра кайра укчу ырлардын бири!!
07.04.2013. 09:43
 joysin77
супер!!! 100 жолу
08.04.2013. 22:07
 Kamalbek
биринчи суйуу эсиме тушот эх ошол жаштык кездер
21.07.2013. 21:39
 sani--85
Адамдын журогуно жеткирип ырдайсында Ильяз.я обожаю.
15.12.2014. 12:58
 Jumaida
менин жакшы коргон ырларымдын бири. СУПЕР!
Модератор admin_media түзөттү 15.12.2014 13:04
29.04.2015. 15:50
 bishkek.kg
Братуха обожаю все твою песни.Желаю тебе успех и счасьти!!
20.06.2018. 09:40
 Stal.muradilov
Кандай сонун ырлар жаралган,,,ушундай ырлар коп болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо