ЖЕБЕ тобу "Насаат ыры"
03:27
7,88 Мб
Жүктөлгөн: 09-04-2013
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(13 добуш)
Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп, ай,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти,
Жөн жүргөндо жигитти,
"Жөн жүрбөйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги,
Барып-барып чак болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак
Аргымакты жаман деп, ай,
Буудан кайдан табылмак.

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрдө,
Жардам берип жаныңда, ай,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып, ай,
Табалаган дос эмес.

Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман,
Өзөк өрттөп куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Даары болот, билип жүр.
Керкейгенге кергейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес,
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Хандын кызы болсо да,
Ажаанданып кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?

Комментарийлер (16)

15.07.2013. 20:44
 Rimanto
урматту редакция, ушул группанын "Суйуум тунук" деген ырын жуктоп коюунуздарды суранам, алдын ала рахмат)
24.07.2013. 17:14
 Rimanto
чоооон рахмат сиздерге, менин суранганымды жуктоп койгонунуздарга)
22.10.2013. 14:48
 Begimai.ru
Видосун коро албай жатам
22.10.2013 15:03
admin_media
Begimai.ru,
Саламатсызбы!
Бул шилтеме менен кириңиз
http://www.super.kg/media/video/101149/
08.01.2014. 02:00
 PATRIOT-98
ырдын текстин жазып коюнуздарчы алдын алар Рахмат!
16.01.2014 16:24
admin_media
PATRIOT-98,
Саламатсызбы! Жазып койдук, эми кошулуп ырдай берсеңиз болот :).
Комментарийлерди жашыруу
19.01.2014 02:58
PATRIOT-98
admin_media, Чоон Рахмат чыныгы супер экенинерге козум жетти )
23.01.2014. 16:17
 elzat150498
Жакшы ыр экенжакшы дагы ырдашыптыр
05.03.2014. 22:42
 kipchak
Ыр жакшы. Ундору бир аз "нежный" болуп калыптыр.
17.03.2014. 00:43
 kuba01
сонун ыр да, азаматсынар дагы жакшы ырларды чыгара бергиле силерге ийгилик, баса ЖЕБЕ тобунда тортунчу бала кайда клип'те корунбойт ко...
03.06.2014. 15:36
 kgelmuratt
Ушул ырдын минусовкасын кайдан тапсам сураныч аябай керек болуп жатты эле тезирек жуктоп кое аласыздарбы
16.03.2015. 15:15
 bilti
минусу барбы
16.03.2015. 15:17
 bilti
минусу барбы админ
16.10.2015. 23:08
 Tuha9393
сонун
27.09.2016. 13:17
 mirzoahmatov
Керемет соонун болгон
23.04.2017. 21:06
 Kurmanjan.93
ушул ырдын минусу абдаанннг керек болуп жататда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо