Кенже Дүйшеева "Тумарым"
03:59
3,65 Мб
Жүктөлгөн: 09-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Сейит Жээнбаевдики
Обону:Фархат Юлдашевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Алтыным, биз жоготкон жомокторго кайрылдым,
Аргасыз ал күндөргө мен кайгырдым.
Канат элең жалгыз сен бактымдын,
Көлөкөм, көздөрүмдөн учуп турат карааның.
Алыстап кеттиңби, менин аралым,
Салмагын тартып келем мен санаанын.

Кайырма:
Эми арманда калдым го,
Жүрөктөгү махабатты чандың го.
Тамчылаган көз жашым,
Тагдыр бизди азабына салды го.

Тумарым, өзүңдү эстеп мен жалгыздап турамын,
Угамын, алыстан үнүң угамын.
Баары бир жүрөгүм сага сунамын,
Кыялым кызгалдак гүлдөй соолуп мен кыйналдым.
Кылчактап карааныңды эч кыйбадым,
Жалгыздыктан ааламга мен сыйбадым.

Кайырма:
Эми арманда калдым го,
Жүрөктөгү махабатты чандың го.
Тамчылаган көз жашым,
Тагдыр бизди азабына салды го.

Комментарийлер (8)

10.04.2013. 20:17
 aiko55555
анча жакпады
01.04.2014. 10:03
 Survey
мага аябай жакты.ийгилик сизге эже.
14.10.2014. 13:41
 FKB-KAB
Жакшы ыр
31.10.2014. 05:01
 azizka94
Монун ыр болуптур
31.10.2014. 05:03
 azizka94
Сонун ыр болуптур Кенже эженин концертиндеги Ашыгым и Таптым деген ырларын жуктоп койгулачы
31.10.2014 17:54
admin_media
azizka94,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
12.05.2015. 14:00
 Nasirova.97
Жакты. +5
24.04.2017. 10:32
 arzygulR
Жакшы чыккан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо