Гүланда "Сүйөм сени"
03:57
3,61 Мб
Жүктөлгөн: 09-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.60/5
(5 добуш)
Сени менен даалай түндү,
Бирге ойноп биз өткөрдүк.
Махабаттын кызыл гүлүн,
Биз жайлоодо көп тердик.
Сен да мени, мен да сени,
Алтыным деп жалооруп.
Түбөлүккө бир болууга,
Жылдыздарга сөз бердик.

Кайырма:
Сүйөм сени дале сүйөм,
Сүйкүмдүүсүң алтыным
Акырына чыга албадың,
Мага берген анттыңдын.

Сенин сүйүүң азыр мага,
Калагы жок кайыктай.
Ошол бойдон кала берген,
Сыздап жүрөк айыкпай.
Чынын айтсам бул дүйнөдө,
Биздей ынак болбогон
Мен өзүмө нааразымын,
Махабатым кордогон.

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо