Алтынай Нарбаева "Кат жазчы мага"
04:26
8,1 Мб
Жүктөлгөн: 10-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону: Шамшыбек Өтөбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.54/5
(13 добуш)
Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагынч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?

Кат жазчы мага,
Недендир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр,
Кабарың бербей койду деп
Таарынып жатып,
Сагынып жатып, уктадым.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок билүүлүк.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
“Жарк” этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.

Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап,
Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Кат жазчы мага

Комментарийлер (23)

10.04.2013. 12:17
 Nurik_UFC
бул эже да жакшы ырдайт
11.04.2013. 01:48
 Davlethan
Сонун ыр экен.
11.04.2013. 02:01
 Davlethan
Кочуро албай жатам.
11.04.2013. 02:04
 Davlethan
Кочуруп алдым чон рахмат.
14.04.2013. 20:56
 JumaB
Жакшы ыр, эн чеберчилик менен аткарылган, баракелде.
18.04.2013. 13:07
 Nasikat_
Эн соонун.
25.04.2013. 18:10
 reyba
Eje irlarinizga ununuzgo talantinizga teren taazim. Oto taasirlendim
14.08.2013. 17:28
 shazi
сонун ун, сонун ыр.
25.09.2013. 10:40
 jaina
Кат жазчы маааага, сооонун ыр...
25.09.2013 11:03
КОЛЮЧКА
jaina, ыр сонун, бирок Алтынай эжеге туура келбейт экен, эженин стилинде эмес жапжалпак тил менен айтканды. Мага Ш. Отобаевдин аткаруусу жагат, анан илгери бир Айгул Асанкожоева деген апчем ырдачу эле ушул ырды, катыра... Гукуш эжемдикиндей (Сатылганова) жоон ун менен ырдаса оло жарашат да. Алтынай эженин талантын баалайм, бирок многу ырды жон койсо болмок да. Ырга соз жок!
26.09.2013. 14:56
 as.fanat
..."ааааааииииииииииии)))" деп ырдаган ыры кандай аталат, туугандар айтып койгулачы?!)
26.09.2013 15:18
nsk-mk
as.fanat, кимибизден- www.super.kg/mobile/media/audio/2051/
Комментарийлерди жашыруу
30.09.2013 10:25
as.fanat
nsk-mk, ай рахмат чооон!!!)
25.11.2013 20:18
sumka
as.fanat, sizdin aaaaaaiiiiiiiiiiiiiiniz jakty maga)))))))))
18.11.2013. 09:48
 HEIIO.KG
Ыр жакшы кен мага жакты, сураныч текстин киргизип койгулачы
25.11.2013. 20:21
 sumka
toilordo bir sozup priz al4udai eken))))yr abdan sonun!!!
25.11.2013. 22:16
 qwert
Сонун ырдаптыр,аябай жагат
26.11.2013. 06:33
 lazygirl
Автордун башынан откон окуясы аябай жакты мага .
Жетпей калганы өкүнүчтүү экен..
14.12.2017 13:16
belka
lazygirl,композитордун махабаты.
26.11.2013. 16:14
 edthik2006-kg
аябай жакшы ыр экен аткаруучу дагы сонун ырдаптыр.Алтынай эже талантынызга таазим этем.
06.03.2014. 12:52
 Atyrgul84
жумушка келгенде эн алгач ушул ырды кайра-кайра угуп, анан жумушка киришем.
07.06.2015. 22:01
 flovers
Анара эже жон гана ырдабастан, ырдын аягына чейин жашайт ырдын ичинде. Чын сезим менен ырдайт. Ошондуктан ырлары ар бир адамдын журогундо орун алат.
27.04.2017. 22:11
 kurman911
super.kg Роза Аманованын ырлаоын суранавыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо