Жумагүл Раимжан кызы "Бир келип кетчи Ош жакка"
04:50
8,84 Мб
Жүктөлгөн: 10-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(9 добуш)
Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөлдөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.

Кайырма:
Э-эй жылмайып көңүл эргиткен,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Суу болуп алып аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.

Кайырма:

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып сени күтөмүн,
Сүйгөнүм сендей жанды эңсеп.

Кайырма:
Э-эй наздана карап сүйлөгөн,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Комментарийлер (5)

11.04.2013. 15:42
 Nurik_UFC
оо сонун ыр
05.06.2013. 22:11
 Nurik_UFC
ош шаарым абдан кооз
27.12.2013. 19:47
 aizul9.kg
Эх шаарымды аябай сагындым! ырды да жакшы ырдаган.
15.04.2015. 23:07
 Zair_Alimov
Supeeer!
23.10.2015. 10:12
 Jumaida
Супер ыр эс алып уктум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо