Гүлнур Сатылганова "Сени эстеп"
03:40
3,36 Мб
Жүктөлгөн: 12-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Биримкул Алыбаевдыки
Обону:Райхан Бейшеналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Бараткан ак жолумдан түн ыраактап,
Актым мен сен тарапка күнчубактап.
Алдымдан чыга калсаң сунайын деп,
Актым мен сен тарапка гүл кучактап.

Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм,
Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм.
Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип,
Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм.

Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Таң атты. Тереземди кенен ачтым,
Жел менен үйгө кирди бир тал бактым.
Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин,
А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым...

Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Комментарийлер (1)

22.11.2013. 22:38
 eliza_88
ыр соонун,бирок сапаты начар экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо