Сайкал Садыбакасова "Кайдасың сен?"
04:51
8,89 Мб
Жүктөлгөн: 12-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.86/5
(7 добуш)
Кой дебедим жөнү жок шашсаң да,
шылтоолоп качсаң да.
Кой дебедим кайрылбай кетсең да,
азапты чексем да.
Ой тилегим чачылды сыздадым,
арманда ыйладым.
Кой дебедим калтырып көңүлүңдү,
кайгыга салсаң да.

Кайырма:
Сүйүүгө ишенем,
Мен үчүн барсың ар дайым.
Жүрөктү ээлеп сен,
Түбөлүккө эсте калдың.
Махабат кайдасың, ак сүйүүм,
Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен.

Сүйүүгө ишенем,
Мен үчүн барсың ар дайым.
Жүрөктү ээлеп сен,
Түбөлүккө эсте калдың.
Махабат кайдасың, ак сүйүүм,
Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен.


Кел дебедим сагындым өзүңдү,
самадым көзүңдү.
Кел дебедим, зар кылдың көңүлдү,
саргайтып сезимди.
Кел дебедим көрүнбөй жолумдан,
кетпедиң оюмдан.
Кел дебедим, ууланды жүрөгүм,
уурдалды тилегим

Комментарийлер (7)

15.04.2013. 04:03
 kanat4ik
Kyzyyk Gulwaiyr eje bul yrdy kimge arnap jazgan boldu eken..........
04.05.2014 22:05
Anqelina2
kanat4ik, Кызыксынар эй. Эмне Гулшайыр эже мындай ырларды жазса болбой бекн?Гулшайыр эже деле жаш болгон, балким жаш чагында жазган ырларынын биридир, балким жаны жазгандыр, адам го акыры.Же болот го мисалы бир адам башынан откоргон нерсесин акындарга айтып ыр кылып жазып бер дегендей нерселер болот го. Чыгарма да бул.
Комментарийлерди жашыруу
04.05.2014 22:13
Anqelina2
А Сайкал молодец! Голосу сонун. Эн мыкты аткарган, ырдын ийине жеткире. Озу да жагымдуу сонун кыз. Ден соолукта бол, чыгармачылык ийгилик! Дагы да жакшы ырларды кутобуз.
04.03.2014. 03:52
 jazka-jaz77
Аябай жактырып угам. Сайкал жакшы аткарган.
22.12.2015. 22:38
 mi-li-na
бул ырдын клиби бар эле го, Super кошуп койгулачы PLEASE...
23.12.2015 14:47
admin_media
mi-li-na,Саламатсызбы!
Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/video/133/
29.11.2016. 01:03
 adil150
сэни сүйѳм ,сайкал !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо