Кундуз Таштаналиева "Күтүлбөгөн жаз"
02:28
4,52 Мб
Жүктөлгөн: 12-04-2013
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 3.25/5
(4 добуш)
Жайнап турган жүзүңдү кызыл тору,
Жакшы көрүп калдымбы ушул жолу.
Сен тарапка созулуп бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.

Жылт деп учкан жылдыздай көз ирмемде,
Жылмайганың калыптыр сезимдерде.
Жоболоңдуу көңүлүм сендик болуп,
Жок дегенди унуттум өзүм неге.

Ууртуңдун бир жолу жылмайганы,
Унутулбай ушинтип ырга айланды.
Күлгөнүңдөн жаз келип күтүлбөгөн,
Гүлгө оронду көңүлдүн жылгалары.
Гүлгө оронду сезимдин жылгалары.

Арбап турса жамалың кызыл тору,
Ашыгымды таптымбы ушул жолу.
Алып-учуп сен жакка бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Түгөнбөгөн үмүттүн узун жолу.

Комментарийлер (6)

12.05.2015. 10:16
 askhattalgat
Урматтуу супер инфо Кундуз Таштаналиеванын "Ата-эне" деген ырын киргизип коюнуздарчы?
12.05.2015 13:15
admin_media
askhattalgat, саламатсызбы! Аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
28.11.2015. 22:55
 gulanda01
ата эне деген ырын издеп атайын кирдим эле
01.05.2018. 10:35
 Musulmanka.
Админ ушул эженин Балама деген ырын жүктөп коюңуздарчы сураныч
01.05.2018 11:23
admin_media
Musulmanka.,саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
01.05.2018. 10:37
 Musulmanka.
Ушул ырдын текстин жүктөп коюңуздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо