Сайкал Садыбакасова "Сүйкүм элес"
03:27
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 17-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.23/5
(13 добуш)
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Табылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Кыйналып жүргөнүмдү сездиң бекен,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.

Комментарийлер (12)

17.04.2013. 22:57
 kanat4ik
Sooonun azamatsyn!)))))
29.04.2013. 12:38
 nnn.sss
сонун ыр екен,менин жашоомду ырдап аткандай сездим,бирок бул илгерки ыр болуш керек автору ким болду екен?
25.06.2013. 13:15
 Nurush
Сайкалдын үнү жетпей калыптыр. Ыр саптары да туура эмес. Орозгүл Токторбаева бул ырды жеткире аткарган. Бул жерден салыштарсаңар болот.
http://www.super.kg/media/audio/70443/
09.05.2015 20:57
jypar.i
Nurush,чын айтасың,бул жерде Сайкалды жамандагандан алысмын,анын үнүнө бул ыр ылайык эмес экен. Орозгүл Токторбаева чын эле сонун ырдаган,клиби да жакшы
10.10.2019 22:16
radostmoya
Nurush, ушу музыкальный эксперттер күйгүзөсүңөр да. Орозгүлдүн ырдоо стили ошондой, бул Сайкалдын стили. Миң ырдаса да Орозгүл боло албайт. Орозгүл Сайкал боло албайт. Малика ырдаса ал да бөлөкчө ырдайт.
27.07.2013. 10:31
 КОЛЮЧКА
Кандай кана создор. Тимеле журогум ымыр-чымыр болуп кетти, менин журогумдун уйгу-туйгусун коркомдоп, мен жонундо ырдап жаткандай эле болуп отурам...
Мен сенден умутумду узсом дагы, журогумдо жашай берет сенин суйкум элесин, жалгызым! (((
17.11.2013. 15:49
 guzelai
enn sonyn
24.01.2015. 04:44
 nurtai
Soonun
31.03.2015. 10:07
 femidakg
Сайкал сен эски ырларды ырдасан жарашпайт окшойт, мага ошондой сезилди. Бакыт издедик деген дуетке соз жок +10
09.05.2015 21:04
jypar.i
femidakg,2-куплеттин сөзүн башкача кылып коюптур,байкагандырсың.Таң калыштуусу көп ырчылар башка бирөөнүн ырын, башкача кылып,маанисин да өзгөртүп жиберген учурлар көп кездешчү болду
25.06.2015. 23:05
 Jonaruk
соонун ырдаптыр эс алып калат экенсин
30.07.2018. 19:14
 Sezimka27
ен жаккан ыр ушул ырда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо