Добр "Кыргыз"
03:54
7,12 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2013
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(10 добуш)
Өзгөчө нерсенин баары, өлкөнүн өрчүгөн жагы,
Өзгөчө нерсенин баары өлкөбүздүн мен жараны.
Келечегимдин элеси мен үчүн өзгөчө нерсе,
Кыргызым өзгөрүп кетсе, кетсе өзгөрбөсүн терске.

Жашоонун баркын билем кудай аны мага берген,
Деле сонун тилим бар жеке кыгыз тилим менен.
Желбиреген желегимдин жеке менчик гимни бар,
Дүйнөлүк картадан табас мага чакан жерим бар.
Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Алакандай тууганым бар, улуу кыргыз мына биз.
Таразанын оң жак бетин көбүрөөк байлык басат,
Анын баарын чубап көрсөң эки көзүң кычышат.
Келиңиз өтүңүз төргө уялбаңыз суранам,
Конокту тосуу милдетим алыңыз беш бармактан.
Суусасаңыз бозо, жарма, кымызды сизге сунам,
Сый урматта мейман тосуу атадан бизге калган.

Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,

Көлөкөдө жашынбайбыз , көкөлөп мактанбайбыз,
Өзгөчө бир башкачабыз , өсүп келе жаткандарбыз.
Азырынча көчө элекпиз жайлоо тоонун бетиндебиз,
Жакында чоң той беребиз , эгемендүү мамлекетбиз.
Эки тоонун этегинде Ысык-Көлгө келдиң беле
Адыр , адыр жайлообузда күлүк атка миндин беле
Сугу ашкан башкалардын Сулайман тообуз жатат
Жымындаган жылдыздарга чокусу жетип барат
Жүрөгү аттуу Бишкегим , Кыргызстандын борбору
Жүгүнөмүн жети жолу , жети жагынан тосуп
Таласты көздөй аттасаң, Манас күмбөзүн табасың
Нарынды көздөй жактасаң, Ташрабаттан адашасың
Жалал-Абад жакты көздөсөң Сары-Челектен өтөсүң
Кыскасы өз көзүң менен көрөрүң менен өчөсүң.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу ,Чу

Эскертем, эске салайын, нукура кыргыз баламын,
Колдошун билем ар дайым арбагы Манас атамдын.
Басканым аскадай тоонун чокусунда чоңойгомун,
Манасчы чечен боломун комузду мендей ойногун.
Тепкеним элден өзгөчө күлүк атыма бөлсөчү,
Кыргыз менен ат чабышып, улак тартышып көрсөңчү.
Көчмөнүм аттуу кыргызмын кыялым бөрү баатырмын,
Акыл карачач энемдей акылдуунун катарымын.
Эч кимде жок бар калпагым же тебетейим жагабы?
Жамынып турган чепкеним териден жасалган нагы.
Алтыным бар, күмүшүм бар, кыргызым байдын баласы,
Кыргызстан аттуу үйүм бар асылың жерден табасың.
Ал эми көңүл буралы өрүлгөн чачтуу кыздарга,
Айымдай өзгөчө сулуу кылымдан кылымга нары.
Кыргызымдын жигиттери кыз ала качуу дегенде,
Кырк чоросун ат чаптырып кызынын жашы жеткенде.

Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,

Комментарийлер (5)

28.07.2013. 10:37
 Eshmanbet
at 4aap bara jatyp uksang e
11.04.2014 11:42
zhyky
Eshmanbet, точна жайлоодо ат чаап научник кулагына салып алып ат чаап баратып десен емне ыр екен десем жакты магада
08.08.2013. 02:04
 Tazdar_95
Супер. Аябай патриотический ыр экен. Чоон рахмат мага абдан жакты
09.06.2015. 15:58
 dastan_nookat
Добр патирот
27.12.2020. 14:00
 temilan.berdikulov
Патриот сезимди ойгототко чиркин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо