КЫЗ - БУРАК тобу "Ким элең?"
03:00
2,74 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Жылмайынкы тиктеп турсаң сен эгер,
Сулуулукка бөлөнгөнсүйт теребел.
Ак сүйүүмдү даңазалап турчу эле,
Чачтарымды сылап өткөн эрке жел.

Ойлоп көрсөң сен ошондо ким элең,
Маңдайымда жанып турган күн элең.
Ойлоп көрсөң сен ошондо ким элең,
Маңдайымда жанып турган күн элең.

Бирге басып көк шиберде сен менен
Жаз гүлүнөн тартуу кылып берчи элең.
Гүлдү жыттап мага карап күлгөндө,
Көздөрүңдөн сүйүү сырын сезчү элем

Ойлоп көрсөң сен ошондо ким элең,
Жылдыз толгон жымындаган түн элең.
Ойлоп көрсөң сен ошондо ким элең,
Жылдыз толгон жымындаган түн элең.

Махабатың из калтырып сезимге,
Даалай жүрдүк жайдын толгон кезинде.
Топ жылдыздар бактыбызга көз артып,
Бирге жүргөн күндөр азыр эсимде.

Ойлоп көрсөң сен ошондо ким элең,
Саамайымдан сылап өткөн жел элең.
Ойлоп көрсөң сен ошондо ким элең,
Саамайымдан сылап өткөн жел элең.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо