КЫЗ - БУРАК тобу "Чек арада"
04:52
4,46 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 1.50/5
(2 добуш)
Чекте турам, уйку качат жан жолдошум автомат,
Ушул жерден улуу өлкөм кыргыз жерим башталат.
Асмандагы жылдыздарга үмүт менен караймын,
Ушул түнү тынч өтсө деп жараткандан сураймын.

Кайырма:
Мекеним бактысына,
Мен турам чек арада.
Бийик тоолор арасында,
Сагыныч санаасында.

Караңгы түн сүрүлгөнчө жылдыздарды санаймын,
Күтүп жүргөн ай баласын уйкусу тынч апамдын.
Тоонун жели муздак шамал саамайымдан сылачы,
Бейкут болсун Ата Журтум, бабалардын мурасы.

Кайырма:

Ала-Тоодой бийик дайым аталардын тилеги,
Азаптарды көрбөсө дейм апакемдин жүрөгү.
Эгемендүү өлкөм үчүн чекте бекем турамын!
Керек болсо калкым үчүн жанды курман кыламын!

Кайырма:

Комментарийлер (2)

13.08.2016. 08:53
 sezim_osmonalieva111
Суппер инфо,сураныч ушул ырдын текст ин жуктоп койосуздарбы,рахмат
15.08.2016. 15:47
 sezim_osmonalieva111
Ушул ырдын текстин билгендер жазып коюнуздарчы)сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо