АЯН тобу "Ашык болдум"
03:43
3,4 Мб
Жүктөлгөн: 19-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Жумали Сопуевдики
Обону:Жумали Сопуевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Бир көрүштө алтыным, арбап мени алдың,
Жүрөгүмө махабат, сүйүү отун салдың.
Ак маралдай келбетиңе менин сугум артып,
Айдай сулуу жүзүңө ашык болуп калдым.

Жаралады жүрөктү ак куу сымал элесиң,
Кыйноо салып сезимге тынчтык бербей келесиң.
Сен жылмайсаң жаным көрккө толуп айлана,
Шоола чачып көзүңдөн жүрөккө дем бересиң.

Кайырма
Жаныңа барсам жанаша,
Тартынам тике караштан.
Эй сулуу, сөзүмдү угуп,
Түшүнсөң боло садага.
Күйдүрүп жаным жүрөктү,
Бурулуп тетири караба.
Ак сүйүүң чын экенби деп,
Ишенсең боло садага.

Саргаямын сени карап сары жалбырактай,
Айтчы жаным, тезирээк мени жалдыратпай.
Сен да мени алтыным, жактырарың айтсаң,
Жүрөйүн мен ак сүйүүмдү жүрөгүмө сактай.
Асмандагы ай жылдыздай жаркырап жаналы,
Кол кармашып түбөлүк жанаша басалы.
Махабаттын туптунук кенен дайрасында,
Ак сүйүүнүн кемесинде биз бирге агалы.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо