Асема "Өчпөсө экен сүйүүбүз"
03:44
3 Мб
Жүктөлгөн: 25-07-2008
Сөзү:Ж. Исабаеваныкы
Обону:Асеманыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(2 добуш)
Балапан ооз наристедей эркерээк,
Таарынышып, кээде назик эркелеп.
Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү,
Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп.

Жаштык узап кетип калат кайрылбай,
Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай.
Ошол кыска алакандай жаштыкты,
Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай.

Кайырма:
Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып,
Өмүр-ажал жакындашып, арбашып.
Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз,
Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып.

Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп,
Караан издеп келсе экен дейм эртерээк.
Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин,
Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп.

Асылым, ашыгым,
Жаныма жакыным.
Кубанчым, кыйбасым
Сагынчым, сырдашым.

Асылым, ашыгым,
Жан биргем, жакыным.
Эч кимге теңебес,
Эн таттуум, кымбатым.

Комментарийлер (21)

25.07.2008. 18:52
 romantik
MUnunardu kantip uguat degi? Bolboi jatat ko
27.07.2008. 10:20
 Maximus
Мен да опшу уга албай койдум аудиолорду :(
27.07.2008. 13:49
 newman
Меники да ырдабай атат
28.07.2008. 10:36
 zaman
Meniki sopsonun ele irdap jatat dostor/
28.07.2008. 10:45
 Fred
Асема озунун абройуна жараша ырларды аткарса болмок жаш кыздардын ырын ырдап алыптыр кичинекей 15жаштагы кыздар ырдай турган ыр бул.
28.07.2008. 19:39
 Marados
Meniki, seniki debesten menin komputerimde dep jazsanar bolo?
04.08.2008. 10:02
 Fred
Меники сеники сопсонун ырдап жатат жакшы экен силердики ырдайт экен биздики ырдабайт бирок биздин комп ырдайт вахахах кыргыздар дайыма ушинтип туура эмес жазып койот да анан бир деме десен чычалайт.Замандын тиягы ырдап жатабы я.
08.08.2008. 15:33
 bakytmirza
Мага жакты. 15 жаштагы кыздар эмес Асема ырдай турган эле ыр экен
08.08.2008. 17:52
 zaman
Fred dosum meniki degenden kiyin komuskodo kompyuter bolup jatpaybi je kirgizcha okugan jok belen? Kontekstke jarasha joop bolgon kichine meendi ishtetsen bolo. Kechirip koy katuu aytip konulundu oorutsam.
12.08.2008. 16:29
 Акжол
Реп сонун экен!!! үНүңөН сенин иий үнүңөн!!! Керемет го өзүнчө эле!!!!!!
14.08.2008. 14:04
 qwerty
Акжол эмне суйгонунду мактап жактап атасын? Качан анан Асемага уйлоносун?
14.08.2008. 16:26
 Dilnura
мага Асемкыз деген ыры жагата бул ыры болсо байкеме жагат
18.08.2008. 15:50
 МээримКа
Молодца! и актриса и певица!=)песня хороша!
22.08.2008. 14:07
 Bazarkul
eger yrdabai jatkan bolso, keebir programalar jok bolso kerek. misaly flash player degen!
a Asemanyn yry jakshy eken, uksa bolot!!!
29.08.2008. 17:00
 Сыйкырчы
жаккан жок Жомокчуга кошулам шыбыдып шыбыдып турумтум
06.09.2008. 15:39
 jua
Меники да ырдап атат
05.10.2008. 16:09
 kanat
Асема Сулуктуго келин болду.
27.01.2012 15:18
musapyr
kanat, Асема Сулуктуго эмес, Баткендин озуно турмушка чыккан!
04.11.2008. 22:27
 spp
> Асема Сулуктуго келин болду.
Акжол, кечигип калдын эээх
16.12.2008. 15:36
 alieva aygerim
менин билишимче Асема озунун продюссери Акжол экоо уйлонгонуно 1-2 ай болду.
эмнеге суйлошуп жургондорун жашырып журушту?мы все знаем,шлагбаумдагы Акжолдун офисинде экоо кучакташып....эле журушчу.
14.01.2009. 22:03
 ХАНЗАДА
боз салкынга тартылп популярдуулукка жетишкен бул кыздын чындыгында актердук чеберчилиги бар экен,бирок,анча ырдай албайт экен. эмне кылат ырдап дагы асем кыз ах-ах деп коет.орустардын жанна фрискеси ушинтип озун рекламалап ырдап чыкты эле эми бизде мунубуз минтип..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо