Айжамал Кабылова, Темир Назаров "Жаштар ай"
03:26
3,14 Мб
Жүктөлгөн: 22-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Аста басып, аярданып туруп турчу, сулуу кыз,
Алтын баалуу сөз айтайын, угуп турчу, сулуу кыз.
Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз.

Эгер сүйсөң кадырыма жетер белең, жаш жигит,
Жүрөгүмдө терең сырды чечер белең, жаш жигит?
Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит.

Талыкпастан бирге ойноп жүрөр белең, сулуу кыз?
Талаайыма табыштырса сүйөр белең, сулуу кыз?
Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз.

Жүрөгүмө сүйүү отун жагасыңбы, жаш жигит?
Саамайыма жаздын гүлүн тагасыңбы, жаш жигит?
Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит.

Кымбат баалуу жаш өмүрдүн баркын билгин, жаштар, ай,
Кырчын убак кайрылбасын баалай билгин, жаштар, ай.
Э-эй, жаштар, ай, о-ой, жаштар, ай.

Комментарийлер (3)

08.05.2013. 17:12
 nargizka.kg
Жакты! 5+
04.06.2013 00:54
bekhaliev
nargizka.kg, жакшы ырда
04.06.2013. 00:55
 bekhaliev
эхээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо